Top Songs By Salamat
Similar Songs
Credits
PERFORMING ARTISTS
Salamat
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Жумабек Уулу Нурболот
Composer
Орунбасар Кызалаков
Songwriter
Lyrics
Түн кирип биздин өзөнгө
Ышкырып жылкы айдасын
Түндүктөн түшүп ай нуру сага
Бүгүн сага
Жолоочу болдум жолуңдан
Жеңеке куйчу кымыздан
Жигиттер жүрөт сайраңдап бүгүн
Эй көк бөрү улак тартышып
Ала-тоо кыргыз жергесиң
Аргымак мени алып уч эй
Каркыраң учар бийиктең
Узатар мени кары жаш
Таңдагы жылдыз нурун чачат
Ала тоом эй түндөгү сырлар менде калат
Биздин өзөн таңкы жылдыз нурун чачат
Айдын нуру бизди узатар
Эй жаштык жаштык
Мага кел деди элем шыбырап
Эй жаштык жаштык
Түгөйүң келер түнүндө
Жылкысын таштап белеске
Түбөлүк болуп түгөйүң сенин
Түндүктөгү жылдыздар
Ала-тоо кыргыз жергесиң
Аргымак мени алып уч
Каркыраң учар бийиктең
Узатар мени кары жаш
Таңдагы жылдыз нурун чачат
Ала тоом эй түндөгү сырлар менде калат
Биздин өзөн таңкы жылдыз нурун чачат
Айдын нуру бизди узатар
Эй жаштык жаштык
Мага кел деди элем шыбырап
Эй жаштык жаштык
Written by: Жумабек Уулу Нурболот, Орунбасар Кызалаков