Music Video

МИРБЕК АТАБЕКОВ & АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА - МЕН СЕНИ СУЙОМ, ОМУР / САУНДТРЕК К ФИЛЬМУ "КЕЧЭЭ, БУГУН, ЭРТЕН"
Watch МИРБЕК АТАБЕКОВ & АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА - МЕН СЕНИ СУЙОМ, ОМУР / САУНДТРЕК К ФИЛЬМУ "КЕЧЭЭ, БУГУН, ЭРТЕН" on YouTube

Featured In

Credits

PERFORMING ARTISTS
Mirbek Atabekov
Mirbek Atabekov
Performer
Алтынай Нарбаева
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Элкожо
Composer
Жадыра Байбуланова
Songwriter

Lyrics

Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да
Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да
Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да
Мен сени сүйөм, өмүр
Мен сени сүйөм, өмүр
Алдымдан азгырып чакырдың, ай
Алдың го жаштыктын жазын далай
Антсең да сыйлоого акым бар, ай
Мен сени сүйөм, өмүр
Берерин билбеймин али эртеңдин
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да
Мен сени сүйөм, өмүр
Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да
Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да
Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да
Мен сени сүйөм, өмүр
Мен сени сүйөм, өмүр
Алдымдан азгырып чакырдың, ай
Алдың го жаштыктын жазын далай
Антсең да сыйлоого акым бар, ай
Мен сени сүйөм, өмүр
Берерин билбеймин али эртеңдин
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да
Мен сени сүйөм, өмүр
Мен сени сүйөм, өмүр
Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын
Мен сени сүйөм, өмүр
Мен сени сүйөм, өмүр
Алдымдан азгырып чакырдың, ай
Алдың го жаштыктын жазын далай
Антсең да сыйлоого акым бар, ай
Мен сени сүйөм, өмүр
Берерин билбеймин али эртеңдин
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да
Мен сени сүйөм, өмүр
Мен сени сүйөм, өмүр
Мен сени сүйөм, өмүр
Мен сени күтөм, өмүр
Written by: Жадыра Байбуланова, Элкожо
instagramSharePathic_arrow_out